Караколдо менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды

Караколдо менчикке өтүп кеткен жер тилке мамлекетке кайтарылды

Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунда жайгашкан 43 чарчы метр жер тилкеси мамлекетке өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Каракол шаардык прокуратурасы тарабынын, шаардык мэрияда муниципалдык жерлердин мыйзамдуу берилиши боюнча  текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, Каракол шаардык сотунун 2015-жылдагы чечими менен Кашка-Суу кичи районунда жайгашкан 43 чарчы метр жер тилкеси Т.В.М. аттуу шаар тургунунун менчиги катары таанылып, “Кадастр” мекемеси тарабынан мамлекеттик актысы берилгендиги аныкталган.

Шаардык прокуратура 2021-жылы аталган соттун чечимине карата сотко аппеляциялык сунуш келтирип, кароонун жыйынтыгында толук канааттандырылган жана аталган жарандын менчик укугу жокко чыгарылган.

Базар баасы 13,691 млн сомду түзгөн жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтаруу максатында Каракол шаардык прокуратурасы тарабынан шаар мэринин наамына прокурордук талап келтирилип, натыйжада 43 чарчы метр жер тилкеси шаардык мэриянын муниципалдык менчигине өткөрүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Каракол

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>