Орозо — 2023: Аткаминерлерден кимдер орозо кармады? Тизме

31.03.2023 | 15:30

Быйыл Кыргызстанда Орозо айы 23-мартта башталып, калктын көпчүлүгүн түзгөн мусулмандар орозо кармай баштады.

Reporter.kg Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнөн жана министрлерден кимдер орозо кармаганын тактады. Аткаминерлердин арасында көп жылдан бери орозо кармап келе жаткандар бар.

Алар:

– Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев;

– УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев;

– Каржы министри Алмаз Бакетаев;

– Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Кудайберген Базарбаев;

– Энергетика министри Таалайбек Ибраев;

– Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;

– Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top