Милянфанда жер маселеси боюнча коррупциялык схема аныкталды

Милянфанда жер маселеси боюнча коррупциялык схема аныкталды

Ысык-Ата районунун Милянфан айыл аймагынын кызматкерлеринин жер маселелери боюнча коррупциялык схемалары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы жер маселелери чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында Ысык-Ата районунун Милянфан айыл аймагынын кызмат адамдары тарабынан расмий документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизүү жана үчүнчү жактарга сатуу максатында аффилиацияланган жакка 1 гектар жер тилкесине жеке менчик укугу боюнча күбөлүк берүү фактыларын аныктады.

Топтолгон материалдар Ысык-Ата районунун прокуратурасына өткөрүлүп берилип, жыйынтыгында Ысык-Ата районунун Милянфан айыл аймагынын  жерге жайгаштыруу боюнча адиси Б.Ю.Я.  жана башка кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүнүн (кызматтык жасалмачылык), 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунун (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>