Инсталляциялар, куймактар, концерттер жана мастер-класстар. «Евразия» паркында Масленица кандай белгиленди?Салык кызматы маркетплейстерде соода жүргүзүү үчүн электрондук эсеп-фактуралардын атайын форматын киргиздиБишкекте Ысык-Көл борбор катары көрсөтүлгөн орто кылымдагы карта орнотулатКүн ачык болот: 22-февралдын аба ырайыСадыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантат
Бишкекте зер буюмдарды уурдаган адамдын видеосу
05.04.2023 | 16:53
Бишкекте дүкөндөн зер буюмдарды уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, быйыл 2-январда милицияга Т.Б. аттуу жаран кайрылып, ошол күнү болжол менен саат 15:00до белгисиз жаран дүкөндөн баасы 200 миң сом болгон зер буюмдарды уурдап кеткенин билдирген.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Милиция бул кылмышка шектүү катары 45 жаштагы М.А. аттуу жаранды кармаган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз