Жогорку Кеңеш Социалдык фонддун пенсиялык реформасын четке какты 

Жогорку Кеңеш Социалдык фонддун пенсиялык реформасын четке какты 

Бүгүн, 5-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү четке какты.

Жыйында баяндама жасаган Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева белгилегендей, мыйзам долбоору мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруунун катышуучулары үчүн адилеттүү шарттарды түзүү, пенсия чектөөнүн камсыздандыруу принциптерин күчөтүү жана пенсия чектөө жол-жоболоруна таасир эткен ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү, эскирген ченемдерди алып салуу, ошондой эле 1996-жылга чейинки мезгил үчүн пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн чектөө системасын жөнөкөйлөтүү аркылуу пенсия чектөөдө калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатын көздөйт.

Талкуу маалында депутат Таалабек Сарыбашов сунушталган мыйзам долбоору калк турмушуна терс таасир берерин айтып, анын ичинен тоолуу райондордо жашагандардын пенсияга чыгуу курагын көтөрүү элдин кызыкчылыгына каршы келерин кошумчалады.

Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Балбак Түлөбаев мыйзам долбоорун четке кагуу сунушун берди.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, четке кагылды.

Пенсияга эрте чыгуу жокко чыгарылат. Мыйзам долбоор талкууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>