Алимент төлөбөгөн ата-эне кандай жазага тартылат? Жооп

Алимент төлөбөгөн ата-эне кандай жазага тартылат? Жооп

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Жакышев алимент төлөбөгөн ата-энеге кандай жаза берилерине кызыкты.

Жыйында “2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып жаткан.

“Алимент төлөбөгөн ата-эне Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси боюнча (“Ата-эненин балдарды багуудан качуусу”) жоопко тартылат, ага ылайык, 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып төлөйт же болбосо коомдук жумуштарга тартылат” , — деди Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев.

Ошондой эле, ал 2022-жылы сот аткаруу үчүн Сот департаментине 54 миң 678 документ түшкөнүн кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>