Бишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылдыПрезидент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айттыСаламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы узун кезектин себебин түшүндүрдүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюштуАрашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жатат
Жоламан Шаршенбеков Азиянын эки жолку чемпиону болду (видео)
10.04.2023 | 18:40
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Казакстанда өтүп жаткан Азия биринчилигинин финалында жеңишке жетип, экинчи жолу Азия чемпиону болду.
Шаршенбеков бүгүн, 10-апрелде Азия чемпионатынын экинчи күнүндө килем үстүнө чыккан. Ал таймашты чейрек финалдан баштап, алгач индиялык балбанды 10:0 эсебинде утуп алды.
Жарым финалда япониялык балбанды жеңип, финалга чыкты.
Ал эми финалда Шаршенбеков кореялык Хан Жае Чунг менен күч сынашып, аны 10:0 эсебинде жеңип алды.
Эскерте кетсек, Жоламан Шаршенбеков 2018-жылы Бишкекте жана 2020-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында күмүш байге тагынган. Ал эми, былтыр Монголияда өткөн Азия биринчилигинде алтын утуп, биринчи жолу Азия чемпиону атанган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз