Ошто тургундун унаасын күч менен тартып алгандар колго түштү

17.04.2023 | 18:00

Ош облусунун жашоочусунун унаасын күч менен тартып алган эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 12-апрель күнү милицияга Ш.И. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Өзгөн шаарында баасы 350 миң сомдук “Део-Тико” үлгүсүндөгү унаасын чала тааныш адамдар күч колдонуу менен тартып алгандыгын билдирип, аларга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Өзгөн РИИБдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча кылмыш ишин козгошкон. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча ыкчам кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдү кармашкан.

Алар, мурда бир нече жолу соттолгон 1987-жылы туулган С.Б. менен 1990-жылы туулган Т.Р. экени аныкталган. Кармалган жарандар Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top