Бишкекте интернет аркылуу маңзат саткан шектүүлөр кармалды

Бишкекте интернет аркылуу маңзат саткан шектүүлөр кармалды

Бишкекте баңгизат жана психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдап, сатууга шектүү эки жаш жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, милиция мессенжер аркылуу баңгизат саткандардын ишине бөгөт коюу боюнча атайын операция жүргүзгөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иш козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 2004-жылы туулган С.Р. жана К.А. аттуу жарандар кармалган. Алардын жанынан баштыкка оролгон 20 даана маңзат табылган. Экспертиза табылып алынган заттын курамында психотроптук заттар бар экенин көрсөткөн. Анын салмагы 7,621 граммды түзгөн.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>