Чүй: «Сосновка» өткөрмөсү убактылуу жабылды

Чүй: «Сосновка» өткөрмөсү убактылуу жабылды

Бишкек — Ош унаа жолунун 80-чакырымындагы “Сосновка” өткөрмөсү бүгүн, 17-апрелде саат 15:30дан тарта эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгын болтурбоо, адам өмүрүнө зыян келтирбөө үчүн бардык унааларга убактылуу чектөө киргизилди.

Төө-Ашуу ашуусунда №9 жол тейлөө ишканасынан бир жүк жүктөгүч, грейдер, «Урал» унаасы тартылып, жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Өткөрмөдө 25 оор жүк ташуучу, 40ка жакын жеңил унаа токтоп турат. ӨКМдин кызматкерлери жергиликтүү бийлик менен жылынуучу жай уюштурулууда.

«Учурда аталган жолдун бийик тоолуу аймактарында кар жаап, бороон болуп жатат. Андыктан алыска сапар тартуу алдында аба ырайы тууралуу маалыматтарга көз жүгүртүүнү сунуштайбыз» деп айтылат билдирүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>