КР Билим берүү министрлиги кыргыз тили окуу китептеринин авторлору арасында кайрадан сынак жарыяладыДамирбек Осмонов Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыЭрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыБакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулдуКаныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулдуМанас шаарынын аталышы кайра өзгөртүлбөйт
Бишкекте тез татым саткан түйүн өрттөндү
21.04.2023 | 18:56
Бишкекте тез татым саткан түйүн өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 21-апрель күнү Бишкектин Ленин районунун Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез татым сатуучу түйүндө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:53дө Биринчи Май райондук N4 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 12:35де толук өчүрүлгөн.
Такталган маалыматка ылайык, өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом