Салттуу музыка жумалыгы: Эртең “Күү күнү”

Салттуу музыка жумалыгы: Эртең “Күү күнү”

«Салттуу музыка жумалыгынын» алкагында, эртең, 22-апрель “Күү күнү”. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чаралардын регламенти:

10:00. Тегерек стол: “Салттуу музыкалык искусство: күйөрмандар жана заман талабы…”

Өтүү орду: И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети.

12:00. Мастер класс: “Аспапчылык өнөр жана алып жүрүүчүлөр”. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, комузчу Зайнидин Иманалиев жана анын шакирттери.

Өтүү орду: И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети.

14:00. Тегерек стол: “Оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону окутуудагы маселелер”.

Өтүү орду: Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети.

15:30. Мастер класс: “Санатчылык — дастанчылык өнөр…” Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жолболду Алыбаев.

Өтүү орду: Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети.

19:00. Күүлөр… Доорлор баяны (аспапчылардын концерти)

Өтүү орду: “Ынтымак” паркы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>