Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетип, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +2…+7
күндүз +16…+21
Талас облусу
түнкүсүн +1…+6,
күндүз +15…+20
Баткен облусу
түнкүсүн +4…+9
күндүз +22…+27
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +4…+9
күндүз +22…+27
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +1…+6
күндүз +11…+16
Нарын облусу
түнкүсүн +1…+6
күндүз +13…+18
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетип, абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5°, күндүзгү жогорку температурасы 18…20° жылуу болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз