22-апрелге карата аба ырайы

22-апрелге карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетип,  батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +2…+7

күндүз +16…+21

Талас облусу

түнкүсүн +1…+6,

күндүз +15…+20

Баткен облусу

түнкүсүн +4…+9

күндүз +22…+27

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +4…+9

күндүз +22…+27

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +1…+6

күндүз +11…+16

Нарын облусу

түнкүсүн +1…+6

күндүз +13…+18

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетип, абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5°, күндүзгү жогорку температурасы 18…20° жылуу болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>