БУУнун отчетунда климаттын тез өзгөрүшү баса белгиленди

БУУнун отчетунда климаттын тез өзгөрүшү баса белгиленди

БУУнун агенттигинин отчетуна ылайык, парник газдарынын рекорддук деңгээли «жердеги, океандагы жана атмосферадагы планеталык масштабдагы өзгөрүүлөргө» алып келди.

Дүйнөлүк метеорологиялык уюм (WMO) жума күнү 2022-жылдагы глобалдык климаттын абалы боюнча баяндамасында 1993-жылдан 2002-жылга чейинки өлчөөлөрдүн биринчи декадасына караганда дүйнөлүк деңиз деңгээли эки эсе тездик менен көтөрүлүп, өткөн жылы жаңы рекорддук чекке жеткенин билдирди.

Мөңгүлөрдүн эриши жана океандагы ысыктын рекорддук чеңгээли суунун кеңейишине 2013-жылдан 2022-жылга чейин деңиз деңгээлинин орточо жылына 4,62 мм көтөрүлүшүнө өбөлгө түзгонү айтылат уюмдун климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу башаламандыктын чоо-жайын чагылдырган отчетунда.

Учурда мөңгүлөрдүн эриши  жана деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү 2022-жылдагыдай рекорддук чек миңдеген жылдарга чейин уланат»,-деп айтылат маалыматта. Антарктикадагы деңиз муздары рекорддук деңгээлге түшүп, кээ бир европалык мөңгүлөрдүн эриши күчөдү.

Өлүмгө алып келген суу ташкындары, кургакчылык жана ысык толкундар дүйнө жүзү боюнча болуп, көптөгөн миллиарддаган долларларды чыгымдады. Абадагы жылуулукту кармаган көмүр кычкыл газынын жана метандын көлөмү азыркы мезгилде катталган эң жогорку деңгээлге жетти.

«Бул отчет атмосферадагы парник газдарынын концентрациясы кайрадан рекорддук чекке жетип, кургакчылыктын жана океандардын жылышына, муз катмарларынын жана мөңгүлөрдүн эришине, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө, океандардын жылышына жана кычкылданышына өбөлгө түзөрүн көрсөтүп турат«, — дейт ДСУнун Башкы катчы Петтери Таалас.

Жалпысынан, ДСУнун маалыматы боюнча, 2022-жыл эң ысык бешинчи же алтынчы жыл болду. Тынч океандагы үч жылдык Ла Нина климаттык окуясынын муздатуу таасирине карабастан, глобалдык орточо температура өнөр жайга чейинки орточо көрсөткүчтөн 1,15 градус Цельсийге жогору болду.

Климат таануучулар аба ырайынын өзгөрүшүнө жана Эль-Ниньонун жылышынын күтүлүп жаткан кайтып келишине байланыштуу дүйнө 2023 же 2024-жылдары орточо температуранын жаңы рекордун жаңырышы мүмкүн деп эскертишти.

Докладда акыркы сегиз жыл тарыхтагы эң ысык жылдар болгону айтылат.

Улуу Британия, Франция, Ирландия, Португалия, Испания, Бельгия, Люксембург, Италия, Германия, Швейцария жана Жаңы Зеландия эң ысык жылдарды өткөрүштү.

2022-жылы Чыгыш Африкадагы туруктуу кургакчылык, Пакистандагы рекорддук жаан-чачындар жана Кытай менен Европадагы рекорддук ысык толкундар он миллиондогон адамдарга таасир этти, азык-түлүк коопсуздугуна алып келди, массалык миграцияны күчөттү жана миллиарддаган долларлык зыянга жана жоготууларга алып келгени отчетто айтылат.

55 беттен турган отчетто Кытайдын ысык толкуну рекорддук эң узак жана эң масштабдуу болуп, жай эң ысык гана эмес, эски рекордду Цельсий боюнча 0,5 градустан (Фаренгейт боюнча 0,9 градус) жаңылады.

Африкадагы кургакчылык Сомали менен Эфиопияда 1,7 миллиондон ашуун адамды, ал эми Пакистанда бир убакта өлкөнүн үчтөн бир бөлүгүн каптаган сел 8 миллиондой адамды жер котортууга мажбур кылды.

Ишемби күнү Жер күнүн утурлай жасаган билдирүүсүндө БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш «бир миллион түр жок болуп кетүү алдында тургандыктан биологиялык ар түрдүүлүк кыйрап жатканын» эскертти. Ал дүйнөнү «жаратылыш менен аёосуз жана маанисиз согуштарды» токтотууга үндөдү.

«Бизде климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн куралдар, билим жана чечимдер бар«, — деди Гутерриш.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>