Ысык-Көлдө бак-дарактарды мыйзамсыз кыйгандар изделип жатат

26.04.2023 | 12:24

Ысык-Көлдө экологиялык милиция жерди бузуу жана бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактысын аныктады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жакында социалдык тармактарда Ак-Суу районунда жаӊы каналын салуу учурунда бир нече бак-дарактар кыйылганы тууралуу сүрөттөр менен маалымат тараган.

Аталган маалымат боюнча Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициянын инспекторлору тарабынан текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү учурунда Ак-Суу районундагы “Лесное” участкасына жаӊы каналы салынганы аныкталган. Ошондой эле, жаңы каналды өткөрүү учурунда бөрү карагаттын бадалдары жана бак-дарактардын кыйылганы аныкталды. Жеринде 18 даана кыйылган теректин дүмүрү жана 12 даана бөрү карагаттын бадалдары табылып, катталган.

Аталган факт Ак-Суу райондук ИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Материалдык зыянды аныктоо үчүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Ысык-Көл-Нарын башкармалыгына суроо-талап жөнөтүлгөн. Аларды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча материалдык зыян 81235 сомду түздү.

Азыркы учурда Ак-Суу районундагы “Лесное” участогунда жаӊы канал ким тарабынан жасалгандыгы аныкталып жатат.

[image_carousel source=”media: 187509,187510,187511,187512,187513″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top