Кыргызстандык балбандар Түркияда өткөн Victory Cup and Champions эл аралык мелдешинде 11 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен бидиришти.
Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар Анталия шаарында 29-апрелден 4-майга чейин болуп өттү. Кыргызстандык балбан аталган мелдеште 3 алтын, 3 күмүш, 5 коло байге алды.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча (U-20) Таңчолпон Кабылова (59 кг) жана Калмира Билимбекова (62 кг) күмүш медаль утту. Ал эми, Айтолкун Медет кызы (57 кг) коло медалга ээ болду.
Грек-рим күрөшү боюнча (U-23) Жантөрө Мырзалиев (63 кг), Асан Жанышов (87 кг) жана Сабит Шамшидинов (60 кг) алтын медаль тагынды. Имур Темирбеков (U-17; 72 кг) күмүш байге алды. Ошондой эле, Абдулазиз Аскарбеков (72 кг) менен Алибек Бердиев (77 кг) коло утту.
Эркин күрөш боюнча (U-20) Аден Сакбаев (65 кг) жана Автандил Төлөгөнов (79 кг) коло медалдын ээлери болушту.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз