Бишкекте 100 миң сом жардам алгандар кандай иштерди башташты?
Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев «Социалдык келишим» программасы боюнча ар бирине 100 миң сомдон жардам алган 6 аз камсыз болгон үй-бүлөгө барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, көчмө жыйындын жүрүшүндө аким турак-жай шарттары жана социалдык келишим аркылуу чакан бизнести алдыга жылдыруу менен таанышты.
2022-жылы аз камсыз үй-бүлөлөр менен 71 социалдык келишим түзүлгөн:
– 40 үй-бүлө тигүүчү машиналарды сатып алып, буйрутмаларды алып, үйүндө тигүү иштерин жүргүзүштү;
– 13 соода (кийим-кече, жашылча-жемиштер);
– 6 таттууларды жасоо (торт жана печенье);
– 9 репетитор, фото-видео тартуу, сайма сайуу, самын жасоо жана башка;
– 3 такси кызматы.
Белгилей кетсек, буга чейин үй-бүлөгө көмөк жөлөк пулун алган үй-бүлөлөр үчүн Министрлер кабинетинин токтомун аткаруу максатында финансылык сабаттуулук боюнча окуттуу өткөрүлгөн.
[image_carousel source=”media: 188469,188470,188471,188472,188473,188474,188475,188476″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз