Ат-Башыда өзгөчө кырдаал режими алынды

Ат-Башыда өзгөчө кырдаал режими алынды

Бүгүн, 5-майда Ат-Башы районунда өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын маалыматына ылайык, аба-ырайы турукташып жааган карлар ээрип, малчыларга жана мал-жандыктарга болгон коркунуч жоюлгандыгына байланыштуу көзөмөл жергиликтүү бийликке жүктөлүп, куткаруучулардын жардамына муктаждык жок экенин билдирген.

“Мындан улам Ат-Башы районунун акимдин буйругунун негизинде 5-майдан тарта Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө кырдаал режими алынды”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2-3-май күндөрү калың жааган кардын кесепетинен жайлоо-кыштоолордо мал-жандыктар тоютсуз калышкан. Жерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жем-чөп жеткирилген.

Нарын: Калың жааган кардан улам 2,5 миң баш мал тоютсуз калды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>