Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу токтотулатКамчыбек Ташиев үч баланын энесинин өлүмүнөн кийин катуу билдирүү жасадыИлим жана жогорку билим берүү министринин милдетин аткаруучу дайындалдыКаныбек Досмамбетов Саламаттык сактоо министри болуп дайындалды«Алтын стандартка» карай жол: Япония менен Борбор Азиянын кызматташтыгы кандай өнүгүүдөБишкекте IV Элдик курултай өз ишин баштайт: Президент Садыр Жапаров катышат
“Кызыл аттестат” алчу мектеп окуучулардын саны аныкталды
10.05.2023 | 20:11
167 окуучу артыкчылык аттестатын алуу укугун тастыктады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Билим берүү жана илим министрлигинин “Алтын тaмгa” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацнисынын жыйынтыгынын негизинде “Артыкчылык менен” аттестатына ээ болгон бүтүрүүчүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө буйругу чыкты.
Ага ылайык, 2022-2023-окуу жылынын соңунда 167 бүтүрүүчү жалпы орто билими тууралуу аттестатын “Артыкчылык менен” алат.
- Баткен облусунан – 14 окуучу
- Бишкек шаарынан – 76 окуучу
- Жалал-Абад облусунан – 10 окуучу
- Нарын облусунан – 6 окуучу
- Ош шаарынан – 8 окуучу
- Ош облусунан – 20 окуучу
- Талас облусунан – 5 окуучу
- Чүй облусунан – 21 окуучу
- Ысык-Көл облусунан – 7 окуучу
Эске сала кетсек, “Алтын тамга” тестирлөөсү республика боюнча 2023-жылдын 25-апрелинде өткөрүлүп, ага 2 миңдей 11-класстын окуучусу катышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом