Өкмөттө кыргыз-герман кызматташтыгы талкууландыФИФА рейтинги: Кыргызстан позициясын жакшыртты21-октябрга карата аба ырайы: Жаан-чачын күтүлбөйтБишкекте “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалы расмий ачылдыКыргызстандык аскерлер Таджикистанда ЖККУнын биргелешкен машыгуусуна катышууда21-октябрда Бишкектин айрым райондорунда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. Тизме
Министрлик цирктеги казино боюнча үн катты
16.05.2023 | 19:00
Цирктин имаратында иштеген казино боюнча оюн столдору алынып, экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Мамбетмусаева билдирди.
Анын айтымында, окуя ижарага берилген цирктин имаратында болгон.
“Казино табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөндө тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан оюн-зоок столдору алып келинген. Учурда экспертиза жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгында аталган факты аныкталса, кылмыш иши козголот. Ошондой эле ижара келишими токтотулат”, – дейт ал.
Буга чейин социалдык тармакта А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирктин имаратынын бир бөлмөсүндө жашыруун оюн-зоок столдору тартылган видео тараган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом