Бишкекте электромобилдерди жыйноочу завод курулушу мүмкүн

Бишкекте электромобилдерди жыйноочу завод курулушу мүмкүн

Кытайлык “Eurasia Industry” (Ляонин) компаниясы Бишкекте электромобилдердин тетиктерин чогултуучу завод курушу мүмкүн. Ишкана бул багытта инвестиция салууга кызыктар. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, инвестициянын көлөмү 150 млн. доллар. Заводдо 500 жаңы жумушчу орун түзүлөт. Пландаштырылган өндүрүштүк кубаттуулук жылына 5 миң электромобилди түзөт.

Белгилей кетсек, бүгүн Экономика жана коммерция министрлиги “Eurasia Industry” компаниясы (Ляонин) менен өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Меморандум Кыргызстандын аймагында жаңы энергия булактарын (электромобилдерди) пайдалануу менен автомобилдерди жыйноочу заводду куруу, анын ичинде электромобилдерди тейлөө үчүн тийиштүү инфраструктураны түзүү мүмкүнчүлүгүн изилдейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>