ИИМдин Күзөт кызматында волейбол жана кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өттү

ИИМдин Күзөт кызматында волейбол жана кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өттү

ИИМдин Күзөт кызматы кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерди эскерүү күнүнө карата спорттук иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Белгилүү болгондой, 2016-жылы ИИМдин буйругу менен 15-май кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлерин эскерүү күнү деп жарыяланган. Аны утурлай бүгүн, 16-майда Күзөт кызматынын спорт комплексинде, кызмат учурунда каза болгон милициянын полковниги Самат Сатымкуловдун жана милициянын старшинасы Алтынбек Абдылдаевдин жаркын элесине арналган волейбол жана кыргыз күрөшү боюнча мелдеш болуп өткөн.

Турнирдин ачылышында ИИМдин Күзөт кызматынын начальнигин орун басары Алмаз Жумабеков сөз сүйлөп, каза болгондордун жакын туугандарына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, маркум кесиптештеринин ар-намысы жана эрдиги тууралуу айтып өткөн.

Иш-чарага ИИМдин Күзөт кызматынын өздүк курамы, ошондой эле, маркум Самат Сатымкулов менен Алтынбек Абдылдаевдин жакындары катышкан.

Иш-чаранын соңунда бардык командаларга кубок жана акчалай сыйлыктар тапшырылган. Уюштуруучулардын айтымында, бул спорттук мелдеш жыл сайын өткөрүлөт.

«Бүгүнкү күндө, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматынан жарандардын коопсуздугу жана тынч жашоосу көз каранды. Тагыраак айтканда, ИИМдин Күзөт кызматы түзүм бөлүмдөрүнүн өздүк курамы мамлекеттик жана менчик ээлеринин мүлкүн, ошондой эле стратегиялык маанидеги мекеме-чарбаларды кайтаруудан тышкары, кылмыштардын бетин ачууга да катышат. Ички иштер органдарында кызмат өтөө – бул аябай татаал, бирок жарандарга жана коомго керектүү, эрктүүлүктү, жоопкерликти, чыдамдуулукту, ошондой эле физикалык даярдыкты талап кылуучу кызмат, анткени кызматкерлердин кызматынын баасы — жарандардын өмүрү болуп эсептелет», — деп билдирет министрлик.

ИИМден белгилешкендей, кылмыштуулук менен күрөшүүдө милиция кызматкери күн сайын өзүнүн өмүрүнө коркунуч келтирет, тилекке каршы ошол учурларда кызматкерлер каза болгон учурлар да кездешет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>