Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң форель чабактары коё берилдиПара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады13-мартка карата аба ырайыЖергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталууда
Бишкекте маршруттук унаа кырсыктап, үч жүргүнчү терезеден ыргып кетти
22.05.2023 | 15:12
Бүгүн, 22-майда Бишкекте Mercedes-Benz Sprinter менен Hyundai Sonata унааларынын катышуусунда жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык Тыналев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 12:40та болгон. №135 каттамдын (Mercedes-Benz Sprinter) унаасы Масалиев көчөсү менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, солго кайрылып жатканда, аны Hyundai Sonata унаасы сүзгөн. Анын айынан кичи автобуста келе жаткан үч жүргүнчү жана Hyundai Sonata унаасынын айдоочусу жабыркаган.
Окуянын күбөлөрү билдиргендей, эки унаа кагылышканда Mercedes-Benz Sprinter унаасында келе жаткан үч жүргүнчү терезеден сыртка ыргып кеткен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз