Депутат чиновниктин логикалык ой жүгүртүүсүн текшерди — видео

Депутат чиновниктин логикалык ой жүгүртүүсүн текшерди — видео

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Жогорку республикалык тестирлөөдө камтылган суроолор боюнча маселе көтөрдү.

Анын айтымында, мектепте мыкты окуган окуучулар ЖРТдан жогорку балл ала албай калып жатышат.

“Эмне үчүн жогорку балл ала албай жатышат? Анткени ЖРТдагы суроолор мектеп программасы боюнча түзүлгөн эмес. Жалаң бешке окуган окуучулардын айрымдары ЖРТдан жогорку балл албай калып жатат. Мындан улам мигранттардын саны көбөйүүдө. Ошондуктан ЖРТдагы суроолор мектеп программасы боюнча болушу керек. Бүтүрүүчүлөр ЖРТга даярдануу үчүн кошумча курстарга барууга аргасыз болууда.  Антпей, 11-класстын программасына ЖРТда бериле турган суроолор кириши керек. Буга кандай карайсыз?”, — деп эл өкүлү билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаевага кайрылды.

Министрдин орун басары ЖРТдагы суроолордун баары эле мектептин программасынан алынарын жана алардын көпчүлүгү бүтүрүүчүлөрдүн логикалык ой жүгүртүүсүн текшерүү жана ЖОЖдордо окуп кете алуу жөндөмдүүлүгүн билүү максатында түзүлөрүн айтты.

“Сиздин сунушту туура кабыл алабыз. Эми предметтик стандарттар иштелип жатат. Бул боюнча жумушчу топторго тапшырма берилди. Алар бул багытта иштеп жатат”, — деди Токтобүбү Ашымбаева.

Мындан улам депутат министрдин орун басарына логикалык суроо узатты.

“Беш теректе бештен алма өсүп турат. Ошонун он алмасын терип алсак, канча алма калат?”, — деп сурады депутат.

Министрдин орун басары: “Он алма калат” деп жооп берди.

Мирлан Самыйкожо: “Кечиресиз, теректе алма өспөйт да. Мынакей, сиз дагы логикалык суроого келгенде такалып каласыз. ЖРТда дагы ушул сыяктуу суроолор болуп жатат да. Ошондуктан муну окуу программасына киргизип, окуучуларды машыктырышыбыз керек”, — деди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>