УКМК кызматкерлеринин төрт чек арачыны кармаган видеосу

УКМК кызматкерлеринин төрт чек арачыны кармаган видеосу

УКМКнын Чек ара кызматынын Баткендеги «Кайтпас» жана «Өтүкчү» көзөмөл-өткөрүү бекеттеринин 4 чек ара кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган бекеттердин аскер кызматчылары кыргыз-өзбек чек арасынан өткөн жарандардан 50 сомдон 1000 сомго чейин акча алып турушкан.

«Акча берүүдөн баш тарткан учурда аскер кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен паспорттук текшерүүдөн өткөрбөй коюшуп, бул жарандарды чек арачылардын талаптарына баш ийип, керектүү сумманы берүүгө мажбур кылышкан», — деп билдирет УКМК.

УКМКнын кызматкерлери аталган бекеттерде тинтүү иштерин жүргүзүп, «пара» деген белги коюлган акчаларды табышкан. Учурда 4 чек ара кызматкери кармалып, убактылуу кармооочу жайга камакка алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>