Базар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалдыЕӨБ Кыргызстандагы «жашыл» жана энергетикалык долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымдады
Орусияда жол кырсыктан 5 кыргызстандык каза болду
23.01.2020 | 12:57
Орусияда жол кырсыктан 5 жаран каза болду. Окуя кечээ, 22-январдаЧелябинск облусунда катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта Челябинск-Троицк трассасында КамАЗ жана Хонда Одисей үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.
«Алдын-ала маалыматтар боюнча Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу жолду көрбөй каршы тилкеге чыгып кеткен болушу мүмкүн. Анткени ошол учурда жолду туман каптап турганы айтылууда. Казакстандын номуру менен КамАЗды 33 жаштагы жаран башкарып келе жаткан. Жеңил унаанын номуру Кыргызстандыкына таандык. Ал унаада 5 жаран болгон», – деп жазылат маалыматта.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги каза болгон жарандардын өздүгү такталып жатканын кошумчалашты.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар