Ат-Башыда жарылуудан улам бир киши колунан айрылды — текшерүү жүрүүдөКыргызстанда кафе жана ресторандарды пландан тышкары текшерүү кайтарылышы мүмкүнБишкектеги Ататүрк паркына жүздү таануу системасы орнотулатКРСУ тарыхындагы эң масштабдуу бүтүрүү аземи кандай өттү?Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жана ЕЭК санэпидкөзөмөл тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты«Биз тобокелге салууну чечтик»: Садыр Жапаров Балыкчы — Кочкор темир жолун ачты
Орусияда жол кырсыктан 5 кыргызстандык каза болду
23.01.2020 | 12:57
Орусияда жол кырсыктан 5 жаран каза болду. Окуя кечээ, 22-январдаЧелябинск облусунда катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта Челябинск-Троицк трассасында КамАЗ жана Хонда Одисей үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.
«Алдын-ала маалыматтар боюнча Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу жолду көрбөй каршы тилкеге чыгып кеткен болушу мүмкүн. Анткени ошол учурда жолду туман каптап турганы айтылууда. Казакстандын номуру менен КамАЗды 33 жаштагы жаран башкарып келе жаткан. Жеңил унаанын номуру Кыргызстандыкына таандык. Ал унаада 5 жаран болгон», – деп жазылат маалыматта.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги каза болгон жарандардын өздүгү такталып жатканын кошумчалашты.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар