Акылбек Жапаров Сочиге иш сапары менен кетти. Коштоп кеткендер

07.06.2023 | 09:25

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын Сочи шаарына иш сапары менен учуп кетти.

Маалым болгондой, ал КМШнын өкмөт башчылар кеңешинин жана ЕАЭБдин кезектеги жыйындарына катышат.

Кыргызстандын делегациясы:

– министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;

– Кыргызстандын Беларустагы элчиси, КМШнын уставдык жана башка органдарындагы КРнын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмек Ибраимов;

– санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов;

– саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова;

– финансы министри Алмаз Бакетаев;

– президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Талгат Аширбеков;

– Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров;

– КРнын КМШ Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айгүл Рыскулова;

– тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев;

– юстиция министринин биринчи орун басары Зарема Аскарова;

– жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Медетбек Маметов;

– маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев;

– экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев;

-энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов;

– Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов;

– Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн Евразиялык экономикалык биримдик менен иштөө секторунун башчысы Самат Кулмамбетов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top