Акылбек Жапаров Сочиге иш сапары менен кетти. Коштоп кеткендер

Акылбек Жапаров Сочиге иш сапары менен кетти. Коштоп кеткендер

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын Сочи шаарына иш сапары менен учуп кетти.

Маалым болгондой, ал КМШнын өкмөт башчылар кеңешинин жана ЕАЭБдин кезектеги жыйындарына катышат.

Кыргызстандын делегациясы:

— министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;

— Кыргызстандын Беларустагы элчиси, КМШнын уставдык жана башка органдарындагы КРнын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмек Ибраимов;

— санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов;

— саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова;

— финансы министри Алмаз Бакетаев;

— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Талгат Аширбеков;

— Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров;

— КРнын КМШ Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айгүл Рыскулова;

— тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев;

— юстиция министринин биринчи орун басары Зарема Аскарова;

— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Медетбек Маметов;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев;

— экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев;

-энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов;

— Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн Евразиялык экономикалык биримдик менен иштөө секторунун башчысы Самат Кулмамбетов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>