ИИМдин күзөт кызматкерлери арасында футбол боюнча мелдеш өттү

08.06.2023 | 09:15

Бишкекте кызмат учурунда каза болгон милициянын ага сержанты Джумар Яхиянын жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Мелдеш 7-июнда ИИМдин Күзөт кызматынын өздүк курамы арасында өткөн.

“Турнирге 10 команда катышып, мелдеш курч мүнөздө атаандаштык менен өттү”, – деп билдирет министрлик.

Мелдештин жыйынтыгы менен Бишкектин Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн командасы жеңүүчү болгон. Алар I даражадагы диплом, “алтын” медалдар, кубок жана 7 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланган.

Ысык-Көл райондук күзөт бөлүмүнүн курама командасы экинчи орунду ээлеген. Бул командага II даражадагы диплом, “күмүш” медалдар жана 6 миң сом акчалай сыйлык тапшырылган.

Ал эми, Талас шаардык күзөт кызматынын командасы “коло” байгеге татыган. Үчүнчү орундун ээлерине “коло” медалдар жана 5 миң сом акчалай сыйлык берилген.

Ошондой эле, “мыкты дарбазачы”, “мыкты оюнчу” жана “мыкты чабуулчу” номинациялары боюнча сыйлыктар тапшырылган.

[image_carousel source=”media: 191097,191096,191095,191094,191093,191092,191091,191090″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top