ИИМдин күзөт кызматкерлери арасында футбол боюнча мелдеш өттү

ИИМдин күзөт кызматкерлери арасында футбол боюнча мелдеш өттү

Бишкекте кызмат учурунда каза болгон милициянын ага сержанты Джумар Яхиянын жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Мелдеш 7-июнда ИИМдин Күзөт кызматынын өздүк курамы арасында өткөн.

«Турнирге 10 команда катышып, мелдеш курч мүнөздө атаандаштык менен өттү», — деп билдирет министрлик.

Мелдештин жыйынтыгы менен Бишкектин Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн командасы жеңүүчү болгон. Алар I даражадагы диплом, «алтын» медалдар, кубок жана 7 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланган.

Ысык-Көл райондук күзөт бөлүмүнүн курама командасы экинчи орунду ээлеген. Бул командага II даражадагы диплом, «күмүш» медалдар жана 6 миң сом акчалай сыйлык тапшырылган.

Ал эми, Талас шаардык күзөт кызматынын командасы «коло» байгеге татыган. Үчүнчү орундун ээлерине «коло» медалдар жана 5 миң сом акчалай сыйлык берилген.

Ошондой эле, «мыкты дарбазачы», «мыкты оюнчу» жана «мыкты чабуулчу» номинациялары боюнча сыйлыктар тапшырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ мелдеш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>