Кыргызстандын президенти коомду өнүктүрүүдөгү жана салттарды сактоодогу аялдардын стратегиялык ролун баса белгиледиБишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталды
Кыргызстанда канча археолог-окумуштуу бар?
08.06.2023 | 09:34
Кыргызстанда канча археолог-окумуштуу бар? Мындай суроону Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйнында депутат Аманкан Кенжебаев Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаевге узатты.
Депутаттын айтымында, археологдордун жетишсиздигинен улам президент тарабынан жарыяланган жер амнистиясы кечеңдеп жатат.
Өз кезегинде Чолпонкул Арабаев: “Улуттук илимдер академиясында жалпысынан 1619 кызматкер эмгектенет, анын ичинде 40 академик, 51 мүчө-корреспондент. Ал эми археологдорго келсек, алардан 7-8 гана бар”, – деп жооп берди.
Жыйынында «Илим жөнүндөгү» мыйзам долбоору 2-окууда кабыл алынды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом