Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Чүйдө жеке ишкер киши колдуу болду. Шектүү кармалды
12.06.2023 | 16:32
Чүйдүн Сокулук районунда жеке ишкерди өлтүрүүгө шектелип 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-июнда милицияга Романовка айылында пескоблок чыгарган цехтин аймагында киши колдуу болгон ишкананын ээси, 41 жаштагы У.У. аттуу жарандын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 31 жаштагы Ж.Н. аттуу жаран крамалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү эскпертизалар дайындалган.
Иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз