Желим баштык саткандар жоопко тартылат. Мыйзам долбоор каралды

Желим баштык саткандар жоопко тартылат. Мыйзам долбоор каралды

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда «Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоору боюнча депутат Марлен Маматалиев маалымат берди. Полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында мыйзам долбоорлору иштелип чыккан.

Талкууда депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорунда сунушталган нормаларды ишке ашыруу механизмдерин кароо зарылдыгын белгилеп, чектөө чараларын этап менен киргизүүнү сунуштады. Полимердик материалдардан жасалган бир жолу колдонулуучу таңгактарды алмаштыруу маселесин депутат Султанбай Айжигитов тактады. «Полимердик материалдардан жасалган таңгак каптарды эмнеге алмаштырууну сунуштайсыз?», — деди депутат Султанбай Айжигитов.

Марлен Маматалиев белгилегендей, биологиялык жактан ажыроочу таңгактарды колдонуу сунушталууда.

Депутат Айсаракан Абдибаева полимер пленкалуу баштыктарды колдонууга тыюу салууну киргизүүнү сунуштады. Депутат Надира Нарматова полимер пленкалуу баштыктарга тыюу салууну киргизүүдөн мурун альтернатива сунуштоо керектигин белгиледи.

Ал эми депутат Камила Талиева бул мыйзам долбоорун колдоп, полимердик материалдардын адамдын ден соолугуна тийгизген зыянын азайтуу керектигин белгиледи.

Мыйзам долбоордун маалымкат негиздемесинде айтылгандай, полимер материалдарынан оромдоочу пакеттерди ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана тейлөө чөйрөлөрүндө акысыз берүүгө мыйзам тарабынан белгиленген тыюуну бузгандарга жоопкерчилик чараларын белгилөө сунушталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>