Эртеңден тарта Бишкектен Балыкчыга жасалган поезд каттай баштайт
Эртең, 16-июндан тарта Бишкектен Балыкчыга поезд каттай баштайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, каттамдар жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө аткарылат.
“Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, муздатылган жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон бар”, – деп айтылат маалыматта.
Бишкектен жүргүнчү поезд саат 07:40та чыгып, Балыкчыга шаарынын Озерная көчөсү 3 дарегинде жайгашкан станцияга саат 11:42де келет.
Ал эми Балыкчыдан саат 17:48де чыгып, Бишкекке 21:50дө келет.
Билеттин баасы, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин күн тартиби жана көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлер боюнча күнү-түнү, дем алышсыз кайрылсаңыздар болот: 0705 076696, (0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40
[image_carousel source=”media: 191839,191837″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз