Баткенде токой-чарбасынын жери үй салууга берилип кеткен

Баткенде токой-чарбасынын жери үй салууга берилип кеткен

Баткен областтык прокуратурасы тарабынан Баткен токой чарбасында жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, текшерүүдө, Баткен райондук Кеңешинин аткаруу комитетинин чечими менен Баткен токой чарбасына контора жана турак жай куруу үчүн ажыратылып берилген 1,0 га жер аянты 2017-жылдагы сатып алуу-сатуу келишиминин негизинде К.А. аттуу жаранга мыйзамсыз жеке менчикке сатылгандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен көзөмөл орган тарабынан сот органдарына доо арыздар келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен доо арыздар толугу менен канааттандырылган. Келтирилген прокурордук чара көрүү актысынын негизинде базар баасы 83 млн. 859 миң 300 сомдук 1,0 га жер аянты Баткен токой чарбасынын эсебине алынды.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: Баткен

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>