Бишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алдыМамлекетке 5 млн 699 миң сом зыян келтирилген. Кочкордо айыл аймактын мурдагы башчысы кармалды
Жалал-Абадда IT борбор курулууда
03.07.2023 | 22:35
Жалал-Абад шаарында үч кабаттан турган заманбап инновациялык технологиялар борбору курулуп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Курулуш Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен курулууда.
Долбоордун баасы 64 млн. 500 миң сомду түзөт.
IT борборду “Иверия” жоопкерчилиги чектелген коому куруп жатат. Курулуш иштери ушул жылдын ноябрь айында бүтөт.
Белгилеп кетсек, Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан IT борбор Кыргызстандагы алгачкы мамлекеттик инновациялык технологиялар борбору болмокчу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом