Матчество берүү маселеси: Конституциялык соттун түшүндүрмөсү

Матчество берүү маселеси: Конституциялык соттун түшүндүрмөсү

Кыргызстанда баланын аты-жөнүнө энесинин атын кошууга уруксат берилди. Конституциялык сот талкуу жараткан чечим боюнча түшүндүрмө берди.

Белгилүү болгондой, балага матроним берүү маселеси боюнча сотко активист Алтын Капалова кайрылган.Сот маселени карап, жарандын аты-жөнүнө энесинин атын кошуусун мыйзамдуу деп тапкан.

Соттон билдиришкендей, ата-эне баланын аты-жөнүнө матронимди өздөрү бере албайт. Себеби баланын фамилиясында эненин аты болгондо, ал салттуу коомдо кодулоого дуушар болушу мүмкүн. Ошондуктан бала 18ге толгондо фамилиясына атасынын же энесинин атын кошууну өзү тандайт.

Ошол эле учурда жарандар кыргыздардын салты боюнча баланын атын-жөнүн «уулу, кызы, тегин» деп жаздыра алат. Андай учурда эч кандай матроним (матчество) жана патронимдин (отчество) кереги болбойт.

Андан тышкары, Советтик системадан калгандай, баланын аты-жөнүн фамилия, өз аты жана атасынын аты (же (эми) энесинин аты) түрүндө жазуу болот.

Конституциялык сот чечим кабыл алууда адам жынысына карап басмырланбашы керек деген принципке таянганын белгейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>