Судьялар сот отурумдарынын видеожазуулары жана актылардын туш келди тандалган үлгүлөрү боюнча текшерилетКыргызстандын өнөр жайын атайын банк аркылуу каржылоо сунушталуудаМээрим Жуманазарова Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагындыСадыр Жапаров Анкарада Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйландыАйрым аймактарда жаан жана кар жаайт: 30-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдө
Жалал-Абадда IT борбор курулууда
03.07.2023 | 22:35
Жалал-Абад шаарында үч кабаттан турган заманбап инновациялык технологиялар борбору курулуп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Курулуш Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен курулууда.
Долбоордун баасы 64 млн. 500 миң сомду түзөт.
IT борборду “Иверия” жоопкерчилиги чектелген коому куруп жатат. Курулуш иштери ушул жылдын ноябрь айында бүтөт.
Белгилеп кетсек, Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан IT борбор Кыргызстандагы алгачкы мамлекеттик инновациялык технологиялар борбору болмокчу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом