Жалал-Абаддагы массалык мушташ. Милиция шектүүлөрдү кармады

05.07.2023 | 15:37

Жалал-Абад шаарында супермаркеттин алдындагы массалык мушташка катышкандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 2-июль күнү болжол менен саат 20:20 милицияга Жалал-Абад шаарындагы супермаркеттердин биринин алдында топ балдар ызы-чуу салып жаткандыгы боюнча билдирүү келип түшкөн.

Бул окуя шаардык милицияда катталып, текшерүү иштери башталган.

“Жалал-Абад шаардык милициянын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга катыштыгы бар Жалал-Абад шаарынын 21 жаштагы 4 тургуну кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Азыркы учурда окуянын калган катышуучуларын аныктоо иштери жүрүп жатат”, – деп билдиришти милициядан .

Алдын ала маалыматтар боюнча, ызы-чуу ич ара пикир келишпестиктен улам келип чыккан.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган мушташтын видеосу социалдык тармактарга тараган.

Видео: Жалал-Абадда массалык мушташ болду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top