“Кадастрдын” Токмок-Чүйдөгү жооптуу кызматкерлери кармалды

“Кадастрдын” Токмок-Чүйдөгү жооптуу кызматкерлери кармалды

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинде коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Токмок-Чүй филиалынын айрым кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Алар Жоопкерчилиги чектелген коомдордун (ЖЧК) бирине таандык болгон 1330 чарчы метр турак жай эмес мүлктү жана 0,75 га жер тилкесин жеке баюу максатында Кыргызстандын Н.М.И. аттуу жаранына мыйзамсыз каттап жиберишкен.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>