Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Сокулукта бир тууган агасын сабап өлтүрүүгө шектүү кармалды
11.07.2023 | 16:02
Чүйдүн Сокулук районунда жергиликтүү тургун бир тууган агасын сабап өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 9-июлда Сарбан айылында болгон. Шектүү окуя учурунда мас абалда болгон. Окуядан кийин ал милиция менен тез жардам кызматын өзү чакырган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда шектүү күнөөсүн мойнуна албай келет.
Жергиликтүү тургундар Reporter.kg’ге билдиришкендей, шектүү агасын сабап өлтүрүп алгандан кийин кылмышты жашырууга аракет кылган. Ал кан болуп калган төшөктөрдүн жарымын үйдүн чатырына чыгарып, жарымын үйдөн алысыраак жерге ыргытып жиберген. Ошондой эле, агасынын кан болуп калган кийимдерин чечип, алмаштырган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз