УКМК Казакстандагы УКТнын издөөдө жүргөн мүчөсүн кармады (видео)

УКМК Казакстандагы УКТнын издөөдө жүргөн мүчөсүн кармады (видео)

Казакстандагы уюшкан кылмыштуу тобунун издөөдө жүргөн мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарында 1988-жылы туулган О.И.О. кармалды, ал рейдердик жол менен басып алуу жана ишкерлерден айрыкча ири өлчөмдө акча талап кылуу менен алектенген.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө, 2019-жылы Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү мунай скважинасынан мунай уурдоону уюштурганы аныкталган. Жыйынтыгында Казакстандын Мангистау облусу боюнча Экономикалык иликтөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, андан кийин Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун О.И.О. аттуу мүчөсүнө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

Ошондой эле, О.И.О. опузалоо жолу менен  У.С.М. аттуу жарандын 760 миң АКШ долларын ээлеп алган. Буга байланыштуу О.И.О. уюшкан топтун курамында оор кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Казакстандын тергөө органдарынан жашынып, андан кийин Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.

Мындан тышкары, УКТнын мүчөсү О.И.О.га Кыргызстандын жарандыгынын берилишинин мыйзамдуулугу жана ошондой эле аны коргоп жүргөн укук коргоо органдарынын кызматкерлери аныкталууда.

Учурда О.И.О.нын башка Кыргызстандын аймагында жасаган мыйзамсыз аракеттерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>