Жыл башынан бери майыптыгы бар 102 жаран жумушка орношту

Жыл башынан бери майыптыгы бар 102 жаран жумушка орношту

Кыргызстанда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жумушка орношуусу 127%га өстү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегияда министр Кудайберген Базарбаев билдирди.

Министр жыл башынан бери 102 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жумушка орношкондугун, алардын ар бир төртүнчүсү бекитилген квота боюнча иш менен камсыз болгонун айтты.

Мындан тышкары, анын айтымында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомдук жумуштарга, кесипке үйрөтүүсүнө, ар кандай долбоорлорго катышуусу 2,8 эсеге көбөйгөн.

Министр белгилегендей, иш берүүчүлөр менен кызматташуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарттарды түзүүнү улантууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>