Дастан Бекешев Кыргызстандагы эң курч көйгөйлөрдү айтып бердиКыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер үчүн спорттук реалити-шоу ишке киргизилүүдөБалет артисттери жана бий жамааттары өзгөчө эмгек шарттары үчүн пенсия алуу укугуна ээ болуштуТормозсуз жол кырсыгы: айдоочу эки унааны сүзүп, кетип калды24-январь: Кар жаабайт, бирок суук болотСадыр Жапаров курулушчулардан ачык-айкындуулукту жана жарандардын алдындагы милдеттенмелерин так аткарууну талап кылды
Учурда Баткен чек ара заставасынын башчысы 120 миң сом айлык алат, – Жапаров
12.07.2023 | 10:20
Акыркы эки жылда чек араларды бекемдөөгө акыркы эки жылда 80 миллиард сомдон ашык каражат бөлүндү, деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин коллегиясында.
«Бүгүнкү күндө Баткендеги чек ара заставасынын башчысы айына 120 миң сом алат, анын жубайы да чек арада аскер кызматында иштеп, 80 миң сом маяна алат.
Буга чейин 356 аскер кызматкерин (контрактник) ишке ала албай келгенбиз. Эми айлыкты көтөрүп, керектүү нерселердин бардыгын камсыздап бергенден кийин Баткенге кезек күтүп жатат десем жаңылышпайм», – деп Акылбек Жапаров билдиргенин Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом