Бишкек шаардык милициясы 3 тонна кара куурайды жок кылды

Бишкек шаардык милициясы 3 тонна кара куурайды жок кылды

Бишкекте «Кара-Куурай» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул туураалуу шаардык милициядан билдиришти.

Иш-чара 3-9-июль күндөрү шаардык милициянын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, ыкчам кызматкерлер тарабынан жергиликтүү бийлик менен бирге өткөрүлгөн.

«Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарында жапайы өскөн кара куурайдын үч тоннадан ашык чийки массасы жок кылынды. Ошондой эле шаардык инфраструктуранын объектилеринде жайгаштырылган баңгизаттардын 88 көчө жарнактары сырдалды», — деп айтылат маалыматта.

Милиция алар тарабынан жаштар арасында баңгизат адамдын жашоосун бузары, андан алыс болуу керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери улантылып жатканын билдиришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>