Талиева Ош шаарынын мэрин саясий интригаларга жана депутаттарга кысым көрсөтүүгө айыптадыӨзбекстанда түрмөдөгүлөргө аралыктан жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгү берилетКРда 18 өлкөгө визасыз режим жана жүрүү мөөнөтүн узартуу каралууда — тизмеКыргызстанга түз чет элдик инвестициялар жарым жылда 24%дан ашык өстүКыргызстанда интернет-коучтардын билимин ачыкка чыгаруу талап кылынышы мүмкүнКыргызстандын республикалык бюджетинин кирешеси 693,8 млрд сомго жетти
Эки адамдын өлүмү. Жол кырсыгын жасаган аскер кызматкери камалды
12.07.2023 | 10:35
Чүйдүн Маевка айылында эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгын жасаган ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган кызматкер Бишкек гарнизонунун камак жайына камалган. Учурда бул окуя боюнча кылмыш ишин Аскердик прокуратура тергөөдө.
Эскерте кетсек, 5-июлда болжол менен саат 22:00до Маевка айылында Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу эки адамды сүзүп кетип, алар ооруканада каза тапкан. Жол кырсыгын жасаган айдоочу окуя учурунда мас абалында болгону, ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкери экени белгилүү болгон.
Аскер кызматкери мас абалда сүзүп кеткен 2 адам көз жумду (видео)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом