Агартуу министрлиги ата-энелерге 1-2-класска документ тапшыруу мөөнөтү тууралуу эскерттиБообек Ажикеев: ӨКМге мыйзамсыз ишке орношууга жол берилбейтСадыр Жапаров Ысык-Көлдөгү «Түндүк Бетон» ишканасынын иши менен тааныштыКыргызстандык саякатчы Эверестке велосипед менен жөнөп кеттиОшто жаңы томография борбору иштей баштадыБУУ Өзбекстанда агроинновациялык хаб түзөт
Эмгек мигранттарга 14 млн рубль маянаны алууга жардам берилди
24.07.2023 | 09:51
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан алты ай ичинде эмгек мигранттарга 14 миллион рубль төлөнбөгөн эмгек акыны алууга жардам берилди. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Жыл башынан бери министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгүнө россиялык иш берүүчүлөр тарабынан Кыргызстандан барган эмгек мигранттарына төлөнбөгөн эмгек акылар боюнча 245 кайрылуу түшкөн.
“Өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 193 кыргызстандык эмгек акысын ала алышкан. Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 14 014 800 рублди түздү”, – деп айтылат министрликтин маалыматында.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом