Москвада 8 жылдан бери издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды

Москвада 8 жылдан бери издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны Москвада тууганынын паспортун колдонуп жүргөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ички иштер министрлиги кылмыш жасап, издөөдө жүргөн жаранды кармоо боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө. Анда Москва шаарынын аймагынан мурда бир нече жолу соттолгон жана криминалдык элементтердин арасында кадыр-барктуу Баткен облусунда 1983-жылы туулган Б.С. аттуу жаранды кармаган. Ал «адам уурдоо», «мыйзамсыз эркинен ажыратуу», «опузалап талап кылуу» беренелери боюнча айыпталып, ага мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

Шектүү Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 2015-жылдын март айында козголгон кылмыш ишинин алкагында издөөдө жүргөн. 2015-жылдын июнь айында ага издөө жарыяланган.

«Аталган жаран 8 жылдан бери Москва шаарынын аймагында тууганынын паспортун пайдаланып жашырынып жүргөнү аныкталган. Ал 2009-жылдын жай айларында Араван районунун аймагында анын шериктери – криминалдык элементтер менен бирге курал колдонуп, 33 жаштагы жаранды күч менен унаага салып, алып кетишкен. Жабырлануучуну тоолуу аймакта, андан кийин Бишкек шаарында мыйзамсыз кармап, зордук-зомбулук менен коркутуп, ири өлчөмдөгү 100 миң доллар талап кылып алышкан. Жабырлануучу бир нече жылдан кийин ички иштер органдарына кайрылган», — деп айтылат маалыматта.

ИИМден билдиришкендей, кылмыштын башка шериктери мурда кармалып, сот жообуна тартылышкан. Ал эми издөөдө жүргөн жаран Б.С. кармалып, камакка алынган. Учурда экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>